Бишкекте троллейбус менен жеңил унаалар сүзүштү

Бүгүн, 21-ноябрда Бишкекте троллейбус менен жеңил унаалардын катышуусунда жол кырсыгы катталды. Бактыга жараша, кырсыктын кесепетинен жабыркагандар жок деп билдиришти патрулдук милициянын маалымат кызматынан.

Белгилүү болгондой, Эркиндик бульвары менен Москва көчөсүнүн кесилишинде саат 09:00-10:00дөр чамасында троллейбус менен Лексус, Тойота Камри унаалары сүзүштү. Кырсыктын кесепетинен жабыркагандар болгон жок. Унаалар айып аянтчасына токтотулду. Учурда тиешелүү экспертизалар дайындалып, кырсыктын келип чыгуу себептери такталып жатканын кабарлашты.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
jama9210
2020-11-21 23:32:52
Ушу жол тандабас айдагандар атайын жабышып айдашат экен.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан