"2021-жылдан баштап башка операторлорго болгон байланыштын тарифи 1 сомго чейин төмөндөйт". Равшан Сабиров байланыш операторлорунун өкүлдөрү менен кеңешме өткөрдү

Вице-премьер-министр Равшан Сабиров байланыш операторлорунун өкүлдөрү менен телекоммуникация тармагын өнүктүрүү маселеси боюнча кеңешме өткөрдү. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматынан кабарлашты.

"Телекоммуникациялык технологиялар экономикалык өнүгүүнүн негизги драйвери болуп саналат жана байланыш операторлорунун кызматтарынын сапаттуу өнүгүшү телекоммуникациялык кызматтарга суроо-талаптын жогорулашынын фонунда өзгөчө мааниге ээ. Бүгүнкү күндө интернет жана байланыш жарандардын да, жалпы өлкөнүн да жашоосунун ажырагыс бөлүгү болуп саналат. Биз тармактын өнүгүшүнө өзгөчө көңүл бурушубуз керек, анын ичинде бүткүл республика боюнча телекоммуникация кызматтарынын жеткиликтүүлүгүн жогорулатуу жана кызмат көрсөтүүлөрдүн сапатын көтөрүү, ошондой эле бешинчи муундагы (5G) уюлдук байланышты жайылтуу шарт", - деди вице-премьер-министр.

Равшанбек Сабиров белгилегендей, бүгүнкү күндө телекоммуникациялык кызматтарга суроо-талаптын өсүшү радио жыштык ресурстарын керектөөнүн көбөйүшүнөн байкалат жана өз кезегинде анын тартыштыгына алып келет. Бул ресурсту туура жана рационалдуу пайдалануу менен гана телекоммуникация тармагын өнүктүрүүгө жетише алабыз.

"Бүгүнкү күндө радиожыштык спектрин пайдаланууга лицензиялары бар компаниялар келишимдик негизде үчүнчү юридикалык жактарга берүү практикасын жүзөгө ашырып келүүдө, ошол эле учурда алар өздөрүнүн тармактарын өнүктүрбөй, чектелген ресурсту гана «карманып» жүргөнү эч кимге жашыруун эмес. Ошондуктан бардык операторлорду радио жыштык ресурстарын натыйжалуу пайдаланууда.

Бардык байланыш операторлорун радио жыштык ресурсун белгиленген стандарттарга ылайык натыйжалуу пайдаланууга чакырам", - деди вице-премьер-министр.

Өкмөт тарабынан ар кандай байланыш операторлорунун ортосундагы туташуу үчүн тарифтик ставканы төмөндөтүү ырааттуулугу аныкталгандыгы белгиленди. 3 сом 50 тыйын болгон тариф 2021-жылдан баштап 1 сомго чейин төмөндөйт.

Жыйындын жүрүшүндө телекоммуникация тармагындагы актуалдуу маселелер талкууланды. Тармактык компаниялардын өкүлдөрү чечүүнү талап кылган бир катар маселелерди көтөрүштү.

Вице-премьер-министр өкмөттүн телекоммуникация тармагын өнүктүрүүгө колдоо көрсөтүүгө дайыма даяр экенин белгиледи.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан