Мамлекет коронавирустук инфекциянын жайылышына байланыштуу эпидемиологиялык абалдын начарлап кетүү ыктымалдыгына даяр. Бул туурасында премьер-министрдин милдетин аткаруучу, биринчи вице-премьер-министр Артём Новиков республикалык ыкчам штабдын кеңешмесинин жүрүшүндө билдирди.

"Өлкөдө коронавирустук инфекциянын жайылышына байланыштуу абал кооптуу бойдон калууда. Күн сайын 400-500дөн ашуун жарандан илдет аныкталууда. Акыркы күндөрү оңдуу динамика байкалууда, бирок биз эпидемиологиялык абалдын начарлап кетүү ыктымалдыгына даяр болушубуз керек. Коронавирус илдетинен курман болгондордун санын кыскартуу үчүн колдон келген бардык күч-аракетти жумшоо зарыл. Бейтаптарды ооруканага жаткыруу ыкчам жана кезексиз түрдө ишке ашырылышы керек. Аймактардагы эпидемиологиялык абалды эске алуу менен медициналык мекемелердеги бош орундар, ошондой эле дары-дармектердин, жеке коргонуу каражаттарынын, медициналык жабдуулардын бөлүштүрүлүшү боюнча так графикти даярдоо зарыл. Мындан тышкары, бардык ооруканаларды электр энергия менен жабдуучу автономдук генераторлор менен камсыздоо керек", - деди Артём Новиков.
Буга катар Саламаттыкты сактоо министрлигине республиканын аймагындагы медикаменттерге карата бааларга мониторинг жүргүзүү, ооруканаларды тийиштүү жабдуулар жана дары каражаттары менен камсыздоону жогорулатуу боюнча ишти улантуу тапшырылды.
"COVID-19 дарылоого зарыл болгон дарыларга карата аймактардагы баалар Бишкек шаарындагы баалардан кескин айырмаланбоого тийиш. Дагы бир ирет бааларды көзөмөлгө алыңыздар. Зарыл болгон учурда бааларды турукташтыруу боюнча чараларды кабыл алыңыздар. Бүгүнкү күндө ал үчүн бардык мыйзам рычагдары жетиштүү".
Артём Новиков эпидемиологиялык абалды турукташтыруу боюнча зарыл чараларды жүргүзүү маанилүүлүгүн баса белгиледи.
"Белгилүү болгондой, алдыда Жаңы жылдык майрамдар, андан соң президенттин мөөнөтүнөн мурда шайлоо турат. Бул окуялар адамдар ортосундагы байланыштардын жогорулашына алып келет. Ошондуктан COVID-19 илдетине чалдыккан жарандардын санынын жогорулашына жол бербөө керек. Саламаттыкты сактоо тутуму Жаңы жылдык майрамдарда жана шайлоо учурунда бейтаптардын саны көбөйүү ыктымалдыгына даяр болуусу зарыл".
Кеңешменин жүрүшүндө республиканын ар бир аймагындагы COVID-19 илдетинин жайылышы боюнча абал тыкыр талкууланып, коронавирустук инфекцияга чалдыккан оор жана өтө оор абалдагы бейтаптар менен ишти күчтөндүрүү боюнча тийиштүү тапшырмалар берилди.