Режиссёр Ибадулла Ажибаевдин "Мугалим" тасмасы Түрк дүйнөсүнүн фестивалында мыкты деп табылып, байгеге ээ болду. Быйыл 5-ирет өткөн фестивалда 28 тасма ат салышкан. Пандемия шартына байланыштуу иш-чара онлайн форматта өткөн.
Мындан тышкары дагы бир кыргыз тасмасы Түркияда жыйынтыкталган "Келечектеги коммуникаторлор" эл аралык фестивалында жеңүүчү аталды. Тасма "Тайгак жолдо" деп аталып, анын режиссёру студент - Гүлнара Айтматова. Бул тасма анын дипломдук иши экенин Кыргыз кинематографисттер союзунан билдиришти.
Ноябрь айынын соңунда аталган даректүү тасма Орусияда өтө турган фестивалга катышат.