Саясатчы Өмүрбек Текебаев менен жолугушууну талап кылган белгисиз жарандар "Ата-Мекен" партиясынын штабынын алдына барышты. Бул тууралуу юрист Искен Афиджанов видео жарыялады.
Анда видеонун автору штабдын короосуна топтолгондор "Өмүрбек Текебаев келсин" деп жатышканын айтат.
Бул боюнча саясатчыга байланышканыбызда учурда топтолгондор кетип калганын айтып, төмөндөгүлөргө токтолду.
"Мен саат 14:00гө чейин жумушта болгом. 10дон ашык белгисиз жаран мен кеткенден кийин келишип, өздөрүнүн акциясын өткөрүп, видеого тартып кетишиптир. Азырынча алардын эмне максатта топтолгону белгисиз, дүйшөмбү күнү ишке барганда тактайбыз. Бул көрүнүштү мен "Ата-Мекен" партиясына жана мага карата кысым деп баалайм", - деди ал.