Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти Кайрат Примбердиевдин жубайы Эля Примбердиеваны унаа сүзүп кеткени, ага операция жасатуу күтүлүп жатканы маалымдалган.
Ырчы мырзага байланышып, кырсык тууралуу сураганыбызда, окуя 20-ноябрда орун алганын айтты.
"20-ноябрда күндүз саат 11:30 чамасында Абдрахманов менен Медеров көчөлөрүнүн кесилишинен бир аз өйдөрөөк жакта болгон. Жубайым өзү айткандай, эки тарап тең жолго туура эмес чыгып алышкан.
Жубайымдын бет сөөгүнүн сол жагы сынган, ага эки жолу операция жасалат экен. Биринчиси шейшемби күнгө белгиленди. Экинчи операция 7-8 айдан кийин болот.
Айдоочуга карата дообуз жок, ал дагы жардам берип жатат", - дейт ырчы.