Бишкекте 27 жаштагы жаранды коркутуп, уюлдук телефонун тартып алганга шектелген жаран кармалды. Патрулдук милициянын маалыматына ылайык, кармалган жаран 20 жашта.
"21-ноябрда болжол менен саат 21:55 чамасында Бишкек ШИИББинин нөөмөт бөлүмүнө Ахунбаев жана Молдокулов көчөлөрүнүн кесилишинен уюлдук телефонун уурдатып алганын айткан жарандан билдирүү түшкөн.
Жерине барган милиция кызматкерлерине 1993-жылы туулган А.Н. аттуу жаран арыз менен кайрылган. Анда ошол эле күнү болжол менен саат 21:40 чамасында белгисиз жаран ага карата күч колдонуп, уюлдук телефонун тартып алып, белгисиз тарапка качып кеткени айтылган.
Ыкчам издөө иш-чараларынын жүрүшүндө кылмыш изи сууй электе шектүү катары 2000-жылы туулган С.У. аттуу жаран кармалды. Шектелген жаран Октябрь РИИБинин тергөө кызматына өткөрүлдү.
Бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүшкө алынды", - дешти мекемеден.