Бишкекте өрттүн кесепетинен Мазда жана Лексус-470 унаалары толугу менен күйүп кетти

Кечээ, 22-ноябрда Бишкектин Турусбеков көчөсүндөгү көп кабаттуу турак үйдүн алдында турган унаа күйүп жатканы маалымдалган. Күбөлөр өрттү өчүрүүгө аракет кылып жатканда жалын Лексус-470 унаасын каптаган.

Бүгүнкү күнгө карата, Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматы боюнча өрттөн жабыркагандар жок.

"Ленин районундагы Жумабек көчөсүндө Мазда Демио жана Лексус–470 үлгүсүндөгү автоунаалар толугу менен күйүп кеткен. Өрттүн келип чыгуу себеби учурда такталууда", - деп жазылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Baatirbek81
2020-11-23 12:15:48
Башыңар аман болсо темир табылат!
Бирок орто жашаган адамдарга чыгым эле болдуго!
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан