Бүгүн, 23-ноябрда Конституциялык кеңешменин жыйыны өтүп жатат. Анда экс-акыйкатчы, кеңешменин мүчөсү Турсунбек Акун сындар айтылып жатканын белгиледи.
"Эмне үчүн биз Конституциялык кеңешменин курамына кирбей калдык деген талкуу башталды. Сын-пикирлер болуп жатканын көрүп жатасыздар. Бирок мен сындардын баарына кошула албайм. Мурдагы президенттер курултай боюнча мыйзам киргизген эмес. Садыр Жапаров киргизип жатат. Бул эрдик. Экинчи маселе аткаруу бийлиги 32 премьер-министр алмашты. Жаман иштесе өкмөт башчыны алмаштырып салышат. Аткаруу бийлигинин башында президент турат деп сунушталууда.
Биз талкуулап өзүбүздүн сунушубузду беришибиз керек. 80 киши Кыргыз өлкөсүнүн тагдырын чече албайбыз. Өмүрбек Текебаев, Роза Отунбаева эмнеге кеңешмеге киргизей койду деген сөздөрдү айтып жатышат. Ханституция болуп калды деп жатышат. Дастан Бекешев деген жигит жаңы долбоорго каршы кол чогултам деп жатат. Катуу сындап жатышат. Алардын айтканына кошула албайм. Бирок кеңешмеге алардын өкүлдөрүн киргизип коюу зарыл. Ошондо Текебаевге, сенин Конституцияңдын артынан 32 өкмөт башчы кетти го - деп айтат элек. Эки жакта туруп калып жатабыз. Талаштан тактык жаралат", - дейт ал.