Бишкек: Байгеде Өмүрбек Бабановдун күлүгү биринчини алды

28-сентябрда Бишкек шаарынын 135 жылдыгына карата ат оюндары өтүп, мурдагы өкмөт башчы Өмүрбек Бабановдун күлүгү кыска аралыктагы ат чабышта баш байгени ээлеп, 100 миң сом сыйлык утту. Муну мэриядан билдиришти. 12 чакырымга кунан чабышта Эдил Дүрбөлөң уулунун күлүгү 1-орунду, мэр Иса Өмүркуловдун күлүгү 4-орунду алды. Ал эми 11 чакырымга жорго салышта Сыймык Аламанов саяпкерлик кылган жорго биринчи келип, автоунаа утуп алды. Аламан байгеде (20 чакырым) 20 күлүктүн ичинен Керим Өмүралиев аттуу саяпкердин Тачанкасы 1-орунду алып автоунаа утту. Айта кетсек, бул күнү "Аккула" ат майданында кыз куумай, эр эңиш, тыйын эңмей оюндары да болду. 

  

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (7)
Aruun-89
2013-09-30 09:39:20
Омурбек байке.куттуктайбыз.кулугунузда.озунузго окшош экен.мал ээсин тартпаса арам олот,дейт беле
0
aote
2013-09-30 11:09:33
Aruun-89, оа,кулугун билеи,100000сом эмес,100000$дык байгелерди алып журот
0
azamat.k
2013-09-30 10:41:30
Баардык эле кулуктор ээсин тартыптыр,Иса Омуркуловдуку дагы.Камчыбек Ташиевдин кулугу болгондо тоскоолдуктардан секирип чуркоо боюнча баш байгени алмак экен.
+1
aote
2013-09-30 11:07:42
azamat.k, хе хе соз жок туура айтасыыын
0
Sagy
2013-09-30 11:07:32
azamat.k, гг! Бакиевдики Минскти карай чуркайт беле?)
0
nsk-mk
2013-09-30 13:45:34
Бироонуку жыгылып тушпойт беле?
0
erkele
2013-10-01 08:12:57
оой комиктер жарасынар да ичим эзилип калды))))
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан