Депутат Бокоев Конституциянын жаңы долбоору боюнча: "Бизде коомдо президент ажыдаар болуп кетет деген пикирлер айтылып жатат"

Депутат Кенжебек Бокоев Конституциялык кеңешменин курамын 10-15 адамга көбөйтүүнү сунуштады. Бул тууралуу ал бүгүн, 23-ноябрда кеңешменин жыйынында билдирди.

"Кеңешменин курамын кеңейтүү зарыл. Калоочулар болсо дагы10-15 кишини кошуу сунушун киргизүү керек. Бул жерде диолог болушу шарт.

Бизде коомдо президент ажыдаар болуп кетет, баарын тебелейт-деп жатат. Биз бийликтин тең салмактуулугун сактоо үчүн сотторду дайындоону парламентке беришибищз керек. Башкы прокурорду дайындоону парламентке берүү зарыл. Ошондо президент ажыдаар боло албайт. Мэр менен айыл башчыларына түз шайлоо өтүшү керек. Ал кызмат автоматтык түрдө кеңештин төрагасы болушу шарт. Түз шайлоодон өткөн айыл башчылар акимге, губернаторго баш ийбейт", - деди Бокоев.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан