Айрым кадрлары Кыргыз өлкөсүндө тартылган индия тасмасынын трейлери чыкты

Тартуу иштери Кыргыз мамлекетинде да жүргүзүлгөн "Torbaaz" аталышындагы индия кино тасмасынын трейлери чыкты. Бул туурасында "Netflix India" ютуб каналына жарыяланды.

Боевик жанрында жарык көргөн тасмада бейөкмөт уюмда иштеген кыздын жашоосу баяндалат.
Ал согуш жүрүп жаткан жердеги балдарды аман алып калуунун аракетинде болот. Аталган ролду Болливуд актрисасы жана модель Наргис Факхри аткарган.

Жалпы бюджети 4 миллион долларды түзгөн фильм 2017-жылдын аягында Кыргыз өлкөсүнүн Бишкек, Ош жана Токмок шаарларында тартылган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
aiba.20201234567
2020-11-23 12:47:09
хм
0
Asmat84
2020-11-23 13:11:34
Бир да кыргыз түспөлүндөгү жаранды көрбөдүм го же биздин жерлерди бүт эле башка улуттар байырлап алышканбы
-2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан