Бишкекте жарандарга унаа алып берүүнү убадалап, акчаларын алып, изин жашырып жүргөн пакистандык жаран кармалды

Бишкек шаардык экстремизмге жана мыйзамсыз миграцияга каршы аракеттенүү боюнча кызматы алдамчылыкка шектелген чет элдик жаранды кармады. Бул тууралуу Бишкек ШИИББинин маалымат кызматынан кабарлашты.

Ушул жылдын 11-ноябрында Ленин РИИБине Б.С. аттуу жаран арыз менен кайрылган.

"Арызда айтылгандай, шектүү жабырлануучуга чет жактан машина алып келип берүүнү убадалап, 9 миң 500 доллар өлчөмүндөгү акчасын алып, из жашырып кеткен. Ушундай эле маселе боюнча мындан сырткары дагы 3 киши аталган жарандын үстүнөн арызданып, милицияга кайрылган.

Жогорудагы фактылардын баары Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине 204-берене (алдамчылык) менен катталып, сотко чейинки тергөө иши башталган. Ыкчам иликтөө иштеринин жыйынтыгында 1966-жылы туулган Д.А.М. аттуу пакистандык жаран кармалып, 2 айга СИЗО-1ге киргизилди", - дешти мекемеден.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан