Бишкекте таксисттин өлүмүнө шектүү катары изделип жаткан 25 жаштагы жаран кармалды

Бишкекте таксисттин өлүмүнө шектүү катары изделип жаткан 25 жаштагы жаран кармалды. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, 12-мартта Сокулук районунун Белек айылында 1998-жылы туулган Ысык-Көл облусунун Григорьевка айылынын тургуну, "Яндекс" кызматында иштеген Жакшылык Асановдун өзгөчө мыкаачылык менен өлтүрүлгөн жансыз денеси табылган. Кылмышка шектүүлөр таксисттин денесине оор жаракат келтирип, курч нерсе менен анын кекиртегин кесип салышкан.

"Киши өлтүрүүгө шектелип, үч жаран 21 жаштагы Ж.Р., 24 жаштагы А.Б жана 31 жаштагы П.Ж. кармалган. Такталган маалыматтарга ылайык, 10-мартта түнкү саат 23:00 чамасында Бишкек шаарынын Киев жана Бейшеналиева көчөлөрүнүн кесилишинде белгисиз адамдар таксисттен Сокулук районуна жеткирип коюуну суранышкан. Түнкү саат 02:30 чамасында Сокулук районунда ээн жерден алар такси айдоочусуна кол салышып, катуу буюм жана бычак менен көптөгөн жаракаттарды келтиришкен. Андан соң каза болгон адамдын сөөгүн кылмыш болгон жерден алыс эмес жерге таштап, анын унаасы менен борбор шаарды көздөй жөнөшкөн. Тергөөдөн качып жүргөн дагы бир шектүүгө байланыштуу иш өзүнчө өндүрүшкө бөлүнгөн.

20-ноябрда оор кылмышка тиешеси бар деп шектелип издөө жарыяланган 1995-жылы туулган Р.Д. аттуу жаран кармалды. Ал уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү катары ИИМдин ыкчам каттоосунда турган. Кармалган жаран убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Учурда тергөө иштери жүрүп жатат", - дешти мекемеден.

Буга чейин Сокулукта таксисттин жансыз денеси табылганы кабарланган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
algakaray
2020-11-23 21:22:10
Козун жаппай коргозгуло да. Атып салыш керек мындайларды болду.
+3
Janym_ata_enem
2020-11-26 11:30:17
Рас болуптур ##### кирип кет
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан