Конституцияга өзгөртүү киргизүү боюнча референдумга болжолдуу түрдө 120 миллион сом керектелет. Бул тууралуу SUPER.KG порталына бүгүн, 23-ноябрда Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөсү Кайрат Осмоналиев такстыктады.
"Мен так айта албайм. Болжолдуу түрдө референдум өткөрүүгө 120 миллион сом кетет. Президенттик шайлоо менен бирге референдумду өткөрсөк, аталган суммадагы каражат керектелет. Мен эки кампанияны бирге өткөрүүнү колдогондордон эмесмин. Бирок өлкө үчүн керек болсо эки кампанияны бир өткөрсө болот", - деди ал.