Чүй облусунун Сокулук районунда 6 жашар бала катуу сабалганы кабарланган. Анда баланын апасы күйөөсүнө карата тиешелүү чара колдонууну өтүнүп, милиция кызматкерлерине кайрылган. Чүй ОИИББинин маалымат кызматынан үстүнөн арыз түшкөн жаран (А.Б.) кармалып, Сокулук РИИБинин убактылуу кармоочу жайына киргизилгенин кабарлады.
"6 жаштагы баланын сабалышы боюнча факт Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүшкө алынды.
Буга чейин күйөөсүнө чара көрүү өтүнүчү менен кайрылган келинден (А.Э.) тосмо арыз түшө элек. Тосмо арыз берилсе мыйзам негизинде каралат. Азыркы тапта сотко чейинки өндүрүш иши уланууда", - дейт басма сөз катчы.
Окуянын чоо-жайы:
18-ноябрда Бишкек шаарынын Октябрь РИИБине 25 жаштагы келин кайрылган. Арыздануучу 33 жаштагы күйөөсүнө карата чара көрүүнү өтүнгөн. Айтымында, 18-ноябрга караган түнү жолдошу эч себепсиз эле 6 жашар баласынын денесине залал келтирген.
Аталган факты Октябрь РИИБинде Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине 75-берене (үй-бүлөлүк зомбулук) менен катталып, иш андан кийин аймактык, тагыраагы Сокулук РИИБине өткөрүлүп берилген. Ал эми баланын алган жаракаттарынын деңгээлин аныктоо үчүн тиешелүү экспертизалар дайындалды.
Кийинчерээк, жабырлануучу тараптын жактоочусу Шердор Абдыкапаров баланын апасы күйөөсүнө карата тосмо арыз жазып бергенин билдирди.