Кыргызстандык спортчу Юрий Краковецкий дзюдо боюнча Алматы шаарынын баш байгесинде коло медаль тагынды

28-29-сентябрь күндөрү Казакстанда өткөн дзюдо боюнча Алматы шаарынын баш байгеси үчүн болгон мелдеште кыргызстандык Юрий Краковецкий коло медаль тагынды. Бул тууралуу мелдештин расмий сайты билдирет. Юрий Краковецкий (100 килограммдан өйдө салмакта) алгачкы беттеште орусиялык Степан Саркисян менен кармашып жеңишке жеткен. Жарым финалда мелдеш кожоюну казак балбанына жеңилип калган. Бирок көңүл жубатчу коло медаль үчүн болгон беттешке укук алып, анда украиналык Станислав Бондаренкону жеңип алган. Ал эми мелдешке катышкан кыргызстандык башка спортчулар байгелүү орунду ээлей алышкан эмес. Эске салсак, мелдешке Кыргызстандан кыздар жана эркектер арасында жалпысынан 15 спортчу катышкан.      

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан