Төбө чачты тик тургузган өлүм. Колу-буту байланып, оозу скотчтолуп бакта асылган жигит 6-ноябрдан бери дайынсыз болуп жаткан

"Тёплые ключи" санаториясында колу-буту байланып, оозу скотчтолуп бакта асылып турган абалда табылган бала 6-ноябрдан бери дайынсыз болуп изделип жаткан. Бул тууралуу SUPER.KG порталына каза болгон баланын айылдаштары билдирди.

Маалыматка ылайык, маркум Кочкор районуна караштуу айылдардын биринин тургуну, үйдүн улуу баласы. Ата-энеси 6-ноябрдан бери аны издеп жатышкан. Бирок милицияга кабар берген эмес.

"9-классты бүткөндөн кийин шаарда ар кандай жумуштарда иштеп жүргөн. Азыр айылга баланын сөөгү келе элек. Шаарда экспертизада дешти. Бүгүн, 24-ноябрда келет деп, туугандары күтүп жатышат", - деди атын атагысы келбеген айылдашы.

Окуянын чоо-жайы:

21-ноябрда болжол менен саат 13:13тө Аламүдүн РИИБинин нөөмөт бөлүмүнө "Тёплые ключи" санаториясында жансыз дене жаткандыгы тууралуу маалымат келип түшкөн. Ыкчам тергөө тобу жерине барып, колу-буту байланып, оозу скотчтолгон абалда бакта асылып турган жаранды аныкташкан.

Бул факт 130-берене (адам өлтүрүү) менен Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүшкө алынган. Тиешелүү экспертизалар дайындалды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
bond
2020-11-24 14:42:57
Канча күндөн бери асылып турду экен.
+1
BakirL
2020-11-24 20:42:51
Айбандар түрмөдө чиригиле
+1
Latihani
2020-11-25 12:46:27
Аллахым ким кылган болсо дагы, жазасыз калтырбайт! Ата - энесине сабыр тилейм! Эч кимдин башына түшпөсүн!
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан