Сузакта бир тууган агасынан көз жарган кыздын окуясы. Кыздын агасы 20 жылга соттолду

Жалал-Абад облусунун Сузак районунда бир тууган агасынан көз жарган 15 жаштагы кыздын окуясы боюнча сот чечим чыгарды. Бул тууралуу облустук соттун басма сөз кызматынан билдирди.

Маалыматка ылайык, өкүмдү 17-ноябрда Жалал-Абад облустук соту чыгарган. Анда Жаза кодексинин 161-беренесинин 3-бөлүмүнүн 1-2-пункттары "жашы жете электи зордуктоо" беренеси менен кыздын агасы күнөөлүү деп табылып, 20 жылга эркинен ажыратылган.

Окуянын чоо-жайы:

Ушул жылдын 20-июль күнү 15 жаштагы кыз көз жарган. Кыз толук кандуу үй-бүлөдөн, тактап айтканда атасы менен бирге жашашкан. Апасы Орусияда болгон. Бул факты Сузак РИИБинде Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталган. Ал эми кыз төрөлгөн наристеден баш тарткан.



РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
Nina.alex
2020-11-24 16:55:48
Кошмар
+5
Assuman
2020-11-25 07:04:22
Kuday sakta
+4
Allahim
2020-11-25 08:12:24
Зордукталганда эле болуп калбастыр, коп жолу зордукталган балким, агасын аяп айтпай жаткандыр,ичи чыкканын да жашырып жургондур коркконунан.Аллахым озун сакта уул кыздарыбыз бой жетип келатышат
+4
AykaMer
2020-11-25 11:09:35
Кудай сактасын,атасы лөлүнүн эркегиндей болуп үйдө олтуруп,апасы талаалап буларды багам деп иштеп жүргөн экен да. Кыз балага эне керек да,эне тарбия бериш керек. Ата тарбиялай алабы?! Уул баласын эркектей тарбиялай албаптыр го,кыз тарбиялаганга жол болсун ага... Баланын өмүрү түрмөдө өтсө,кыздын тагдыры талкаланды. Буга ата күнөөлүү... Атанын милдети багуу,эненин милдети туура тарбия берүү...
+4
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан