ИИМдин Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын Ысык-Көл жана Нарын облустары боюнча башкармалыгынын кызматкерлери тарабынан баңгизаттарды мыйзамсыз жайылтууну, сактоону аныктоого, токтотууга багытталган атайын операцияларды ийгиликтүү аякташты.
Маалыматка ылайык, 13-ноябрь күнү Ысык-Көл районунун аймагынан 2001-жылы туулган К.у.Э. аттуу жаран кармалып, ага өздүк кароо жүргүзүү учурунда чөнтөгүнөн баштыкка оролгон, өзгөчө кендир жыты бар каражат табылган.
Соттук-химиялык изилдөөнүн корутундусуна ылайык, табылып алынган каражат 45 грамм гашиш жана 150 грамм марихуана баңгизаты экендиги аныкталган. 19-ноябрь күнү "Притон" атайын операциясын жана тинтүү амалдарын жүргүзүүнүн натыйжасында кызматтык итти пайдалануу менен Ак-Суу районунун Теплоключенка айылында жашаган 1961-жылы туулган П.В. аттуу жарандын үйүндөгү чатырынан баштыкка оролгон өзгөчө кендир жыты бар каражат табылып алынган. Алынган марихуана баңгизаты 4 килограмм 800 граммды түзгөн.
Мындан тышкары, ошол эле күнү кызматтык итти пайдалануу менен тинтүү жүргүзүү учурунда 1984-жылы туулган К.Э. аттуу жарандын Ак-Суу районунун Ичке-Жергез айылында жайгашкан кароосунан өзгөчө кендир жыты бар бир кап зат табылып алынган. Мыйзамсыз жүгүртүүдөн 5 килограмм марихуана баңгизаты алынган.
Жогорудагы бардык факты боюнча табылып алынган баңгизаттын жалпы салмагы 9 килограмм 995 граммды түзгөн.