Каныбек Иманалиев: "Бүгүн саясатчылар, оппозиция эмес, президенттин милдетин аткаруучу мыйзамды бузуп жатат"

"Бүгүн саясатчылар, оппозиция эмес, президенттин милдетин аткаруучу мыйзамды бузуп жатат" деп бүгүн, 24-ноябрда президенттикке талапкер Каныбек Иманалиев билдирди.

"Беделдүү эл аралык Венециялык комиссиянын жыйынтыгы бар, анда азыркы парламент Конституциянын долбоорун демилгелөөгө, конституциялык жыйынды чакырууга моралдык, саясий, юридикалык укугу жок экендиги айтылган.

Садыр Жапаров 1 жуманын ичинде 3 жолу Конституцияга кол салып жатат. Биринчи жолкусунда демилгелөөдөн депутаттар баш тартышкан. Кечээ биз азыркы Конституциянын долбоорунун авторлошу Садыр Жапаров болгонуна көзүбүз жетти. Тилекке каршы, Жапаров Конституциялык реформа дегенде бир гана Курултайдын маселелерин түшүнөт экен. Экинчи кол салуу – бул Конституциялык эмес кеңештин чакырылуусу. Үчүнчүсү – референдум аркылуу президенттик же парламенттик башкаруу түрүн тандоо боюнча Курманкул Зулушевдин мыйзам долбоору бар деп жатышат. Биринчиден, Зулушев азыр депутат эмес, экинчиден ал мыйзам долбоору парламенттин талкуусунан өткөн эмес. Эгерде мындай демилгени азыр сунушташса, мыйзам боюнча апрель айында гана ишке ашырууга мүмкүн.

Конституцияга үчүнчү жолу кол салуу болуп жатат. Азыркы Конституция боюнча негизги мыйзамды президент коргош керекпи же президенттин милдетин аткаруучубу? Бир гана парламент жана Коституциялык палата коргошу керек. Бүгүн саясатчылар, оппозиция эмес, президенттин милдетин аткаруучу мыйзамды бузуп жатат", - дейт ал.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан