"Чач" каймана аты менен жүргөн уюшкан кылмыштуу топтун активдүү мүчөсү камакка алынды

"Чач" каймана аты менен жүргөн уюшкан кылмыштуу топтун активдүү мүчөсү тергөө иштери аяктаганга чейин камакка алынды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматынан билдиришти.

Ал 20-ноябрда колго түшүрүлгөнүн УКМКнын маалымат кызматынан кабарлашкан.

Уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрүн аныктоо жана аларды издөө иштеринин алкагында Чүй облусунан Э.М. (каймана аты "Чач") кармалды. Ал буга чейин крим төбөл Алманбет Анапияевдин (2015-жылы Беларуста өлтүрүлгөн) кылмыштуу тобунун мүчөсү болгон. Кармалган жаран Кыргыз өлкөсүнүн аймагында бир нече кылмыш иштерине катыштыгы бар деп шектелүүдө, ошондой эле анын резонанстуу криминалдык окуяларга, Жалал-Абаддагы ок атышууларга тиешеси бар.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан