Бишкек шаарынын Түштүк-2 кичи районундагы турак үйдөн чыккан өрт толугу менен өчүрүлдү. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.
"Түштүк-2 кичи районунда жайгашкан №15 көп кабаттуу турак үйдүн алтынчы кабатынан чыккан өрт саат 18:00дө толук өчүрүлдү", - деп билдиришти министрликтен.