Милициянын кайгуул кызматкерлери тарабынан унаасына жасалма номур тагып алып айдап жүргөн жаранды кармады. Бул тууралуу кайгуул кызматынын басма сөз кызматынан билдиришти.
"2020-жылдын 24-ноябрында Бишкек ШИИББи боюнча милициянын кайгуул кызматкерлери бөлүнгөн аймакта кайгуул кылып жатып, болжол менен саат 11:30 чамасында Фучик жана Ленин көчөлөрүнүн кесилишинен Hyundai Creta үлгүсүндөгү автоунааны мамлекеттик номери шек жараткандыктан токтотушкан.
Кайгуул кызматкерлери автоунаанын керектүү документтерин текшерүү учурунда 1999-жылы туулган Д.Ж. аттуу айдоочу унаасына жасалма мамлекеттик номур тагып айдап жүргөндүгү аныкталган", - деп жазылган билдирүүдө.
Бул факты боюнча автоунаа убактылуу айып төлөөчү жайына токтотулуп, ал эми айдоочусу Биринчи Май райондук тергөө кызматына өткөрүлүп берилди.