
Ички иштер министрлигинин 2020-жылга карата уюштуруу-практикалык планына ылайык, республиканын аймагында “Издөө” операциясы жүргүзүлдү.
ИИМдин криминалдык милиция кызматынын маалыматы боюнча рейддик ыкчам алдын алуу иш-чарасына аймактык ички иштер органдарынын кызматкерлери да тартылган. Операция жүргүзүү маалында ички иштер органдары укукка каршы аракеттерди жасап, анын ичинен оор кылмыштар үчүн издөөдө жүргөн 92 адамды кармаган. Адам өлтүрүү үчүн кол салуу 1, карактоо 1, тоноо 1 жана башка кылмыштарды жасашкан 46, КМШ өлкөлөрүнүн укук коргоо органдары издөөгө алган 2, мамлекеттер аралык издөөдө жүргөн 1 адам кармалган.
"Республика боюнча жүргүзүлгөн ыкчам-алдын алуу операциясынын натыйжасында 121 кылмыш ишинин бети ачылды. Алардын ичинен киши өлтүрүү 1, ден соолукка атайлап зыян келтирүү 3, зордуктоо 2, тоноо 2, уурдоо 40, алдамчылык 35, бейбаштык 9, транспорт каражаттарын мыйзамсыз ээлеп алуу 1 жана башка кылмыштар 25.
Андан сырткары, “Издөө” операциясынын жүрүшүндө баңгизаттарга тиешелүү 2 факты, ок атуучу куралды жана ок-дарыларды мыйзамсыз сактоо 2 факты аныкталды. Дайынсыз жоголгон 21 адамдын кайда жүргөндүгү, 6 жансыз дененин аты-жөнү такталган", - деп билдирди басма сөз кызматынан.