Бүгүн, 25-ноябрда Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Дастан Бекешев парламенттин көпчүлүк коалициянын ишин сындады.
"Көпчүлүк коалиция Алмазбек Атамбаев кеткенден кийин Жээнбековду колдогон. Андан кийин башка бийликти колдоп жатат. Бүт баарын колдоп жатабыз. Кээ бир фракция лидерлери жаңы Конституциянын долбооруна каршы болуп, депутаттар колдоп жатат. Көпчүлүк коалиция шайтанга кызмат кылганга даяр экен. Мындай көпчүлүк коалициянын кереги барбы?", - деди ал.