Бишкекте аялды уруп, телефонун тартып алып, качып бара жаткан жаран кармалды

Милициянын кайгуул кызматкерлери тоноого шектүү жаранды кармады. Бул тууралуу аталган кызматтан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 24-ноябрь күнү болжол менен саат 18:23 чамасында Бишкек ШИИББинин "102" кызматына Рыскулов жана Бейшеналиев көчөлөрүнүн кесилишинен уюлдук "телефонду уурдап кетти" деген маалымат келип түшкөн.

Айтылган дарекке ошол замат милициянын кайгуул кызматкерлери келип, маалыматты тактаганда, 1987-жылы туулган П.А. аттуу аял арыз менен кайрылган. Анда ошол эле күнү болжол менен саат 18:10 чамасында белгисиз жаран арыз ээсин уруп, ачык түрдө баасы 11 миң 500 сомдук чөнтөк телефонун тартып алып, белгисиз тарапка качып кеткенин айткан.

Кылмыш изи сууй электе кылмышка шектүү катары Чүй жана Бейшеналиев көчөлөрүнүн кесилишинде качып бара жаткан жеринен 1969-жылы туулган М.Т. аттуу жаран кармалып, Ленин РИИБинин тергөө кызматына өткөрүлүп берилген.

Бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүшкө алынган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан