Темир жолдо иштеген 20 жаштагы казак музыкантынын чыгармасы "Грэмми" сыйлыгына талапкер болду. Сиз бул чыгарманы көп уккансыз, бирок ал боордош элге таандык экенин билчү белеңиз?

Музыка жаатында эң беделдүү сыйлыктардын бири болгон "Грэмми" сыйлыгына талапкерлердин тизмеси жарыяланды. Сыйлык тапшыруу аземи 31-январда өтөт.

Тизмеге көз чаптырсак, ырчы Бейонсе көптөгөн номинациялар боюнча сыйлыкка көрсөтүлгөнүн көрүүгө болот.

Ал эми эң кызыгы, Иманбек аттуу казак улутундагы музыканттын "Roses" чыгармасына жазган ремикси "Эң мыкты ремикс" номинанттарынын катарына кошулган.

Иманбек Зейкенов 2000-жылы Павлодар облусунда жарык дүйнөгө келген. Ал 17 жашында, тактап айтканда 2017-жылы "Темир жол" станциясында иштеп жаткан убагында америкалык рэп ырчысы Карлос Сен-Жондун (Saint Jhn) "Roses" чыгармасына ремикс жазган. Чыгарма жарыкка чыгар замат, бир нече европалык чарттарда алдыңкы орундарга чыккан.

Азыркы тапта Иманбек Зейкенов орусиялык "Effective Records" лейбли менен иштешет.

SAINt JHN - Roses (Imanbek Remix) ыры Грэмми сыйлыгына көрсөтүлдү
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (8)
aizada2020
2020-11-25 12:12:21
мыкты! угуп жургон ремикс экен. Утуп калсын эми ийгилик
+10
Toch_v_toch
2020-11-25 12:47:21
ой вааай мен бул ыр Америкалыктарга тиешелуу деп ойлоптурмун , Азамат!
+6
Chyngyz_kg
2020-11-25 12:48:42
мен да ойлобоптурмун Казактыкы деп)
+5
Chupakabra
2020-11-25 12:49:23
Кандайсынар? мени сагындынарбы?)
0
I_love_dance
2020-11-25 12:49:57
Базар Жок Казактарга
0
Brutality
2020-11-25 12:51:13
"Грэмми" эн жогорку сыйлык да билишимче э
0
Cinderella
2020-11-25 12:51:57
20 жашта дейби, кыргызча которуп угуп коруш керек экен
+1
Samina007
2020-11-25 15:10:10
Imanbek remix көп ремикс жаратат. Орус радиолорунда көп ырлары бар. Бизде да элдик ырларда жүрүшөтко дж макс дагы көп балдар ошондой эле да
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан