28-сентябрда өлкөдө дене тарбиячылар кесиптик майрамын белгилешти

28-сентябрда өлкөдө Дене тарбиячылардын кесиптик майрамы белгиленип, 150гө жакын түрдүү мелдештер өткөрүлдү. Бул тууралуу Дене тарбия  жана спорт агенттигинин басма сөз кызматы билдирет. Бишкекте мындай иш-чаралардын бири Шералы Сыдыков атындагы Республикалык олимпиадачыларды даярдоо мектебинде өтүп, анда окуучулар арасында аркан тартышуу, жеңил атлетика, күрөш жана башка спорттук мелдештер өттү. Өткөрүлгөн иш-чаралар тууралуу Дене тарбия жана спорт агенттигинин директору Мурат Саралинов: “Былтыркы жылдан айырмаланып быйыл Дене тарбиячылардын күнүнө карата өлкө аймагында 150гө жакын түрдүү спорттук мелдештер уюштурулду. Муну менен биз өлкөдөгү калктын көңүлүн спортко бурууну көздөдүк. Август айында БУУ тарабынан 6-апрель-Эл аралык спорт күнү деп жарыяланган. Учурда биз да дене тарбиячылардын кесиптик майрамын 6-апрелге жылдырууну карап жатабыз”,- деп билдирди.  

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан