Нарын облусунун Ак-Талаа районунда дайынсыз болуп изделип жаткан 60 жаштагы жаран табылды. Бул тууралуу Нарын ОИИБинин басма сөз кызматынан билдиришти.
2020-жылдын февраль айынын ортолорунда Ак-Талаа районунун тургуну 1960-жылы туулган А.Ш. Бишкек шаарына иштегени кетип, ошол бойдон дайынсыз жок болуп жаткан.
Аталган билдирүү Ак-Талаа РИИБи тарабынан Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүш иши ачылган.
Ыкчам иликтөө иштеринин жүрүшүндө, тактап айтканда 10 айдан бери дайынсыз жоголуп жаткан жаран А.Ш. Чүй облусунун Военно-Антоновка айылынын четинде сарайда мал багып, чабан болуп иштеп жүргөн жеринен табылып, туугандарына өткөрүлүп берилген.