16 жаштагы өспүрүмдү сойкулук кылууга мажбурлады деген кыздарга сот чечим чыгарды

16 жаштагы өспүрүм кызды сойкулук кылууга мажбурлаганга шектелген кыздарга сот чечим чыгарды. Бул тууралуу SUPER.KG порталына жабырлануучу кыздын жактоочусу Айнура Осмоналиева билдирди.

Маалыматка ылайык, өкүмдү кечээ, 24-ноябрда Ленин райондук соту чыгарган.

Анда айыпталуучулардын бири 7 жылга, экөө 6 жылдан эркинен ажыратылган. Бирок 2020-жылдын 8-майдагы мунапыска ылайык, алардын жаза өтө мөөнөтүнүн үчтөн бир бөлүгү кыскартылган. Ошондой эле аларга 100 миң сомдон жабырлануучуга компенсация төлөө милдеттендирилген.

"Жабырлануучу тарап чыккан өкүм акыйкат болду деп эсептейт. Ошондой эле алар кайра сотко кайрылышпайт. Сотко чейинки өндүрүштө Бишкек ШИИББинин кызматкерлери притон уюштурган жайдын кожоюнун дагы деле кармаган жок. Алар тийиштүү иштерди аткарышкан жок", - деп билдирди Осмоналиева.

Окуянын чоо-жайы:

2019-жылдын 21-ноябрь күнү Ленин РИИБине М. аттуу жаранга карата чара көрүүнү сураган арыз түшкөн. Арызда ал 2003-жылы туулган Р.Н. аттуу жашы жете элек, оорулуу сиңдисине карата күч колдонуп, каалоосуна каршы притондо 12-ноябрдан бери иштөөгө мажбурлаганы жазылган. 23-декабрь күнү арыз менен кайрылган жаран дагы арыз жазып, 2003-жылы туулган сиңдисин 12-ноябрь күнү Ысык-Көл облусунун Каракол шаарында бейтааныш 2 адам белгисиз унаага салып, Бишкекке алып кеткенин айткан. Аталган фактылар Ленин РИИБинин Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине 166-берене "сойкулук кылууга тартуу" жана 170-берене "киши уурдоо" боюнча катталып, сотко чейинки өндүрүшкө алынган.

16 жаштагы өспүрүм кызды сойкулук кылууга мажбурлаганга шектүү кыздарга сот өкүмү чыкты
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
Beks0207
2020-11-25 19:54:11
6жылдын 2жылы мунапыс болсо 4жыл анын 1жылы сизодо отурганына эсептелсе 3жыл отурат екен 3жыл тез еле отуп кетет бирок берки кыздын тагдырычы
+1
nazira...
2020-11-25 21:27:15
Кудай ай. Не деген заман, сакта озун адамдарды жаман жолдон.
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан