Таласта 16 жана 17 жаштагы өспүрүм 12 жаштагы кызды зордуктоого шектелүүдө

Талас шаарында 2 өспүрүм 12 жаштагы кызды зордуктоого шектелүүдө. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.

Маалыматка ылайык, окуя 17-ноябрь күнү болгон. Анда милицияга Талас шаарынын 39 жаштагы тургуну арыз менен кайрылган. Арызда аталган күнү саат 22:00 чамасында 12 жаштагы кызы зордукталганын айткан.

"Шаарда 2003-жылы жана 2004-жылы туулган 2 өспүрүм күч колдонуп зордуктап салганын айтышкан. Бул арыз Талас шаардык ички иштер бөлүмүнүн Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталган. Аталган жерге ыкчам тергөө тобу чыгып, сотко чейинки өндүрүш иши башталган. Учурда аталган факты боюнча соттук экспертизалар даярдалып, тергөө иштери жүрүп жатат", - деп билдирет басма сөз кызматынан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
Shabi
2020-11-25 14:23:44
Эмнеле болуп баратабыз,жашы деле карысы деле зордуктап
+3
AdylbekB84
2020-11-25 16:36:04
Мектеп окуучуларына телефондун карматканынын кесепети ата -энелер күнөөлүү, тарбия бербеген, өзүбүз мигрант болуп жүрөбүз балдарыбыз каалагандай чоңоюуп жатат! Кандай күндөргө бара жатабыз эх!
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан