Талас облустук биргелешекен ооруканасына капиталдык оңдоо иштери жүргүзүлүп, анда ремонт иштеринин баасы жогорулатылган. Мындай маалыматты УКМКнын басма сөз кызматынан бүгүн, 25-ноябрда кабарлашты.
"Жеке ишкананын жетекчиси Д.А. Талас облусунун капиталдык курулуш башкармалыгынын техникалык көзөмөл адиси Ч.К. менен сүйлөшүп, аткарылган иштин баасын негизсиз жогорулатышкан. Табылган материалдык чыгым 900 миң сомдон ашык сумманы түздү.
"Кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу" беренеси менен козголгон сотко чейинки өндүрүш ишинин алкагында, курулуш компаниянын жетекчиси Талас ОИИБинин убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Ал эми капиталдык курулуш башкармалыгынын техникалык көзөмөлдөө адисинин саламаттыгына байланыштуу ага кылмыш ишке катыштыгы бар экендиги тууралуу эскертүү берилди. Тергөө иштери жүргүзүлүп жатат", - дешти мекемеден.