Милициянын кайгуул кызматкерлери шаар тургундарынын тынчын алып, бейбаштык кылган айдоочуну кармады. Бул тууралуу патрулдук милициянын басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, социалдык тармактарда белгисиз айдоочу Мерседес-Бенц үлгүсүндөгү унаа менен шаар тургундарынын тынчын алып, каттуу үн менен авто бейбаштык жасагандыгы тууралуу видео тараган.
"Бул айдоочунун жоопкерчилигин кароо максатында милициянын кайгуул кызматкерлери издөө иш-чараларын жүргүзүштү. Натыйжада, бүгүн,25-ноябрда болжол менен саат 10:45 чамасында Достоев жана Анкара көчөлөрүнүн кесилишинен, Мерседес-Бенц үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу 1991- жылы туулган Ж. У. аттуу жаранды кармашкан. Бул факты боюнча айдоочуга карата протокол толтуруп, 7 жарым миң сом өлчөмүндө айып пул салынган", - деп жазылат маалыматта.