Чүйдүн Аламүдүн районунда күйөөсү аялына бычак сайган деп шектелип кармалды. Бул тууралуу Чүй ОИИББинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, 24-ноябрь күнү саат 16:37 чамасында Аламүдүн РИИБине бычактан алган жаракатынан улам аял киши ооруканага жетпей каза болгону боюнча маалымат келип түшкөн. Бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүшкө алынган.
Териштирүү иштеринде шектүү катары 41 жаштагы З.В. аттуу жаран кармалган. Алдын ала маалыматтар боюнча аялы күйөөсү мас абалда уруша кетип, шектүү ашкана бычагы менен аялын сайып жиберген. Маркум 22 жаштагы Б.Л. болгон. Ал ооруканага жетпей жолдо жан берген. Учурда териштирүү иштери жүрүүдө.