Ошто 400 миң сомго карызга коон сатып алып, акчасын бербей жүргөн шектүү кармалды

Ош шаарында карызга коон сатып алып, ушул күнгө чейин акчасын бербей жүргөн жаран кармалды. Бул тууралуу Ош ШИИБинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Ноокат районуна караштуу Күңгөй-Кожоке айылынын тургуну арыз менен кайрылган. Арызда ушул жылдын 25-август куну Ахрор аттуу атуул андан 400 миң сомго коон карызга сатып алган. Сатуучуга болгону 50 миң сом акчасын берип, ал эми калган 350 миң сомун ушул күнгө чейин бербей жүргөнү жазылган.

Сулайман-Тоо милиция бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан шектүү 21 жаштагы Н.А. аттуу жаран кармалган. Ал учурда убактылуу кармоочу жайына киргизилип, териштирүү иштери жүрүүдө.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан