Акын Темирлан Ормуков БШКнын Өмүрбек Текебаевдин мандатын кайтарып берүү чечимин жокко чыгаруу үчүн административдик сотко кайрылган. Кечээ, 23-ноябрда административдик сот Текебаевдин мандатын кайтарып берүү боюнча БШКнын токтомун жокко чыгарган.
БШК Текебаевдин мандаты боюнча соттун чечиминин үстүнөн кийинки инстанцияга кайрылат. Бул тууралуу БШКнын төрайымынын орун басары Абдыжапар Бекматов журналисттерге билдирди.
"Бир айдын ичинде административдик соттун чечими боюнча арызданууга укуктуубуз. БШКдагы кесиптештер менен кеңешип, жогорку инстанцияга кайрылышыбыз керек", - деди ал.