Кыргыз мушкери Кямран Аббасов эмне себептен Орусиянын жарандыгын алгысы келип жатканын айтты

"One FC" уюмунун чемпиону, 27 жаштагы кыргыз мушкери Кямран Аббасов эмне себептен Орусиянын жарандыгын алгысы келип жатканын "Youtube" каналдардын бирине түз эфирде берген маегинде айтты.

"Мен 6 жылдан бери Орусияда жашайм. Менин үй-бүлөмдүн бардык мүчөлөрү - аялым, балдарым - ушул өлкөнүн жарандары. Орусияда жарандыгы жок туруктуу каттоодо туруу кыйын жана мен мындан тажадым. Мага жардам бергендер дагы мени Орусиянын жараны болушумду каалашат.

Азыр мен ар кимдин оюн уга албайм. Баардыгы өздөрүнүн ою менен калышат. Мени буга чейин колдогондор дагы да колдой берет деп ойлойм. Валентина Шевченко Перу менен Кыргыз өлкөсүнүн атынан чыгат. Андан эч нерсе болбойт. Мен дагы эки өлкөнүн желеги менен чыга алам. Эмнеге мен түрк желеги менен чыгып жатам? Мен өзүм түркмүн. Бул менин улутум", - деди Аббасов.

Кямран Аббасов 1993-жылы Бишкек шаарында төрөлгөн. Буга чейин анын Орусиянын жарандыгын алуу үчүн документ тапшыргандыгы кабарланган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (11)
Nuuman
2020-11-25 17:31:51
Флаг тебе в руки. Каалагандай кыл, жашоо сеники
+7
Baatirbek81
2020-11-25 17:35:07
Барган жериңден бак айтып!
Өтүгүң жеңил болсун!
Көшөгөң көгөрүп дегендей сени кыргызстанга алып калганга муктаж эмеспиз!
Ансыз деле түрктөрдүн желегин көтөрүп жүрбөйсүңбү.
+4
NURSAPAR
2020-11-25 17:52:16
Скатертью дорога
+3
Boru-89
2020-11-25 18:43:22
Олкобуздун атын таанытып,туубузду которуп жургон спортсмендерге мамлекет тарабынан колдоо болсо жакшы болмок.Дуйного Кыргызстан деген олкобуздун атын алыска таанытып жатышса.Олкобузду спортсмендер ж.а маданият адамдары таанытышатда.
+3
Adi010891
2020-11-25 18:47:10
Баарыбир бору баласы ит болбойт деген ушу да
+9
Federik
2020-11-25 19:45:26
Кыргызстанда жашаган аз улуттар оз улутуна карап желегин алып чыккан туура эмес деп ойлойм.Эртен озбек,же орус улутунан чемпион чыкса,аларда оз улутуна карап желек которуп чыгат анда.Кыргызстандын жараны болгондон кийин Кыргыздын желегин гана которуш керек.
+6
Aimani
2020-11-25 19:54:52
Жогоруда жазгандар кыргыздын спортчулары башка өлкөнүн жараны болуп бирок кыргызмын деп кыргыздын желегин алып чыкса суйунот эленер да. Ошондой эле бул дагы өз улуту бар. Ошондуктан таарынбай эле койгула
-4
Munar7777
2020-11-25 20:43:32
К*туно к*рип кет
+5
Jaraisyn
2020-11-25 21:04:55
Бул мушкер биздин өлкөнүн атынан чыкпаса өлкөбүздүн бир чети кемип калабы? Ичи өтүп кетпейби. Мага калса индеецтердин жарандыгын албайбы жөн койгула. Улутум түрк деп. Кыргызстанда жашаган бир да башка улуттун өкүлдөрү кыргыз үчүн күйбөйт. Алар ушундай акылдуу. Өзбекстанда жашап ошентип көр, ошол күнү бара турган жериңе жетесиң.
+6
nurbek11
2020-11-25 21:09:28
Түркмүн деп эле түрк байрагын көтөрсө анда чыккан жериге кирип кетсин.
+4
кыргыз Алик
2020-11-25 23:40:19
Богу жини аралашып кетиптир го мунун-озу турк,кыргызстанда чонойгон,россиянын жарандыгын алгысы келип ))
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан