Бүгүн, 25-ноябрда Аялдарга карата зордук-зомбулукту жоюунун эл аралык күнүнө байланыштуу кыргыз эстрада ырчылары аялдарга арналган ыр дестелерин жана жагымдуу сөздөрүн арнашты. Дүйнөнү каптаган COVID-19 пандемиясынан улам концерт онлайн форматта өттү.
Концерт Бириккен улуттар уюмунун Кыргыз өлкөсүндөгү өкүлчүлүгү, “Супер-Инфо” гезити жана SUPER.KG порталы тарабынан уюштурулуп, Швейцариянын өкмөтүнүн колдоосу менен ишке ашты.
Онлайн концерт "Дүйнөнү кызгылтым түскө боё. Зомбулукту токтот!" деп аталып, ага ырчылар Гүлнара Тойгонбаева, Кенже Дүйшеева, Бегиш, Гүлзада Рыскулова, "Ага-ини" тобу катышты.
Акциянын алкагында ыр тартуулаган кыргыз эстрада ырчылары зордук-зомбулукка карата өз пикирлерин да билдире кетишти.
Рэп ырчысы Бегиш зордук-зомбулук менен күрөшүү үчүн биринчи кезекте тарбия жана мектепте балдардын аң-сезимине таасир берчү тарбиялык сабактар өтүшү керек деген оюн айтса, Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти Гүлнара Тойгонбаева: "Зордук-зомбулук көрбөгөн аял гана бактылуу эне, бактылуу жар болот" , - деген пикирин билдирди.
Ал эми ырчы Гүлзада Рыскулова "Аялдар сулуулуктун, мээримдүүлүктүн, аруулуктун символу" деп атап, "Кыргыз эли өзүбүздүн нукуралуулугубузга кайта турган болсок, элибиз эч качан кыздарын капа кылбайт" , - деген оюн айтты.
Онлайн концертти "Ага-ини" тобу "Кечир мени, аялзат!" аттуу ыры менен жыйынтыктады.
25-ноябрдан тарта 16 күн бою гендердик зомбулукка каршы активдүүлүк акциясы жүрөт. Жыл сайын өткөрүүлүчү бул глобалдык акция 10-декабрь - Адам укуктарынын эл аралык күнүнө чейин созулат.