Бишкекте 25-29-сентябрь аралыгында өткөн футбол боюнча 16 жашка чейинки өспүрүмдөр арасында Азия чемпиондугуна тандап алуу оюндарында Кыргызстан курама командасы “F” тайпасында акыркы орунду ээледи. 29-сентябрь күнү өткөн тайпадан чыгуу үчүн болгон чечүүчү беттеште Оман менен Катар курама командалары беттешип, 4:3 эсебинде Оман жеңүүчү аталды. Бул жеңиштен кийин Оман командасы Таиландда өтүүчү финалдык бөлүккө жолдомо алды. Ал эми Кыргызстан курама командасы биринчи беттеште Оман менен 3:3 эсебинде тең чыгып, экинчи беттеште Катар командасына 4:3 эсебинде жеңилип калган. Жалпы жыйынтыкта “F” тайпасында командалар төмөнкүдөй орундарды ээледи:
1-орун. Оман (4 упай)
2-орун.Катар (3 упай)
3-орун. Кыргызстан (1 упай)