Кытай Кыргыз өлкөсүнө карыздын төлөө мөөнөтүн 4 жылга узартууну сунуштап жатат. Бул тууралуу кечээ, 25-ноябрда Жогорку Кеңештин жыйынында премьер-министрдин милдетин аткаруучу, биринчи вице-премьер-министр Артём Новиков билдирди.
Новиков Кытай карызды 4 жылга транштарга бөлүп төлөө аркылуу узартууну сунуштап жатканын белгиледи.
"Бүгүнкү күндө консультациялар жүрүүдө. Кытай үстөктү 2 пайыздык өлчөмдө коюуну сунуштап жатат. Бул учурда накталай карыздан 2,9 миллиард сом ашыкча акча төлөнүп калат. Калган тышкы карыздарды төлөө мөөнөтү графикке ылайык убагында жүрүп жатат" , - деди Новиков.
Ошондой эле премьер-министрдин милдетин аткаруучу Кыргыз өлкөсүнүн тышкы карыздарынын негизги бөлүгүн Кытайга болгон карыз түзөрүн, калган тышкы карыздардын суммасы анча көп эмес экенин белгиледи.