Бишкекте Военно-Антоновка унаа жолундагы жөө өтмөктөн жүргүнчүнү сүзүп алган айдоочу кармалды. Бул тууралуу облустук жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнөн билдиришти.
Маалыматка ылайык, айдоочу 25 жашта болгон.
"23-ноябрь күнү саат 19:30 чамасында Лексус-470 унаасы Военно-Антоновка айылынын Фрунзе көчөсүндө жол кырсыгына кабылган. Анда айдоочу жашы болжол менен 50-55 чамасындагы эркек кишини сүзүп, качып кеткен. Ал эми жабырлануучу окуя болгон жерден каза болгон.
Милиция кызматкерлери көп өтпөй айдоочуну кармап, Сокулук РИИБине алып келишкен. Унаа айып коросуна токтотулуп, учурда териштирүү иштери жүрүүдө", - деп билдирет басма сөз кызматынан.