Чүйдө жөө адамды сүзгөнгө шектелип 44 жаштагы адам кармалды

Чүйдө жөө адамды сүзгөнгө шектелип 44 жаштагы Т.Э. аттуу жаран кармалды. Бул тууралуу Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 16-ноябрь күнү Панфилов районунун ички иштер бөлүмүнө жергиликтүү жашоочу арыз менен кайрылып, анын 44 жаштагы байкесин Чалдовар айылындагы көчөлөрдүн биринен белгисиз автоунаа сүзүп, окуя болгон жерден из жашырып кеткенин билдирген.

Бул окуя Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине Жазык кодексинин 297-беренеси (Автомототранспорт каражаттарынын кыймылынын жана аларды эксплуатациялоонун коопсуздук эрежелерин бузуу) боюнча катталган. Сотко чейинки өндүрүш иштеринин жүрүшүндө жабырлануучу алган жаракаттарынан улам аймактык ооруканадан каза болгону маалым болгон.

Бул факты боюнча милиция кызматкерлери тарабынан бир катар ыкчам иш-аракеттер жүргүзүлүп, эки күндүн ичинде жогорудагы окуяга шектелип 44 жаштагы Т.Э. аттуу жаран кармалып, автоунаасы унаа токтотуучу жайга токтотулган. Учурда зарыл болгон экспертизалар дайындалып, сотко чейинки өндүрүш иштери улантылууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан