Башкы прокуратура президенттикке талапкер Имамидин Ташов боюнча материалды БШКга жөнөттү

Башкы прокуратура президенттикке талапкер Имамидин Ташовдун ЖМК өкүлдөрү менен болгон жолугушуусу боюнча материалдарды Борбордук шайлоо комиссиясына жөнөттү. Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызматынан билдиришти.

Башкы прокуратура Имамидин Ташов үгүт иштерин белгиленген мөөнөттөн эрте баштап, шайлоо өнөктүгүнүн мыйзамдарын бузганын белгилеген.

"Талапкердин журналисттер менен жолугуп суроолоруна жооп берип жана алдыдагы пландары менен бөлүшүп жаткандагы видеосу социалдык тармактарга жарыяланган. Биз бардык талапкерлерден мыйзамдуулукту сактап, шайлоо өнөктүгүнүн эрежелерин бузбоого чакырабыз", - деп жазылат маалыматта.

Маалым болгондой, мөөнөтүнөн мурда өтө турган президенттик шайлоо 2021-жылдын 10-январына белгиленген. Ал эми шайлоо алдындагы үгүт иштери 2020-жылдын 14-декабрында башталат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан