Ырчы Сайкал Садыбакасова казак ырчысы Ерке Есмаханга автордук ырын белекке берди

Ырчы Сайкал Садыбакасова казак ырчысы Ерке Есмаханга өзүнүн "Эркелей берем" аттуу автордук ырын белекке берди. Бул тууралуу ырчы Сайкал Садыбакасова социалдык тармактагы баракчасына жазып чыкты.

"Быйылкы жыл мен үчүн чоң сыноонун, эргүүнүн жылы болду десем жаңылбайм. Жыл башында жарыкка чыккан "Эркелей берем" аттуу автордук чыгармам, эми казак тилинде жаңырып өз угармандарын табууда. Эмгегимди интернет аркылуу тыңдап жактырып, аткарып чыгууну каалаган Ерке Есмахан байланышка чыкканда, кеңешип белек кылдым", - деп жазган Сайкал Садыбакасова.

Белгилей кетсек, казак ырчысы Ерке Есмахан аталган ырга дароо клип тарттырды.

Ырчы Сайкал Садыбакасова казак ырчысы Ерке Есмаханга автордук ырын белекке берди
Баткенде 4 күндөн бери дайынсыз болуп жаткан аялдын тууганы издөө иштери тууралуу айтып берди
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
aizada2020
2020-11-27 11:25:45
жакшы жакшы
+1
aiza.kyrgyzkyz
2020-11-28 07:12:01
Сайкал озу жакшы ырдаган уну да музыкасы да соонун чыккан. Не дейбиз Есмеханга ийгилик
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан