Ош облусунун Кара-Суу районунда жеңил унаа жол четиндеги тосмону сүзүп, 7 адам жабыркады. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, жол кырсыгы 27-ноябрь күнү саат 05:49 чамасында Бишкек-Ош унаа жолунун 590-чакырымында Мерседес Спринтер унаасынын айдоочусу рулга ээ боло албай жолдун четиндеги тосмону сүзгөн. Кырсыктын кесепетинен 2 аял киши жана 5 эркек киши жабыркаган.
Учурда алардын аты-жөнү такталууда.
Ош шаардык башкармалыгынын куткаруу кызматынын куткаруучулары жабыркаган адамдарды унаадан чыгарышып, "Тез жардам" кызматкерлерине өткөрүп беришкен.