"Баш мыйзамдын жаңы редакциясында эч кандай узурпация жок, кеп президенттин жоопкерчилиги жөнүндө гана болуп жатат", - деп бүгүн, 27-ноябрда маалымат жыйында Конституциялык кеңешменин мүчөсү Чолпон Койчуманова билдирди.
Ал узурпацияны жоопкерчилик менен алмаштырбоо керектигин айтты.
"Конституциялык кеңешме түзүлө электе эле кээ бирөөлөр бийликти узурпациялоо жөнүндө сөз кыла башташты. Ал жерде эч кандай узурпация жок экендигин, тескерисинче, президенттин жоопкерчилигин жогорулатуу жөнүндө сөз болгонун көрдүк. Бул эки сөздү алмаштырбоо керек", - деди ал.