Конституциялык кеңешменин мүчөсү Чолпон Койчуманова экс-президенттин макамы боюнча маселе талкуу болуп жатканын айтты. Бул тууралуу ал бүгүн, 27-ноябрда маалымат жыйында билдирди.
"Бул маселе каралып жатат, бирок биз конкреттүү эч нерсе айта албайбыз. Анткени азыр бири-бирине карама-каршы келген сунуштар көп болуп жатат. Көптөгөн талкуулар. Эми конституциялык редакцияда жаңы сунуш - курултай. Алгач анын кандай болорун, анын өлкөдөгү ролу кандай экендигин аныктап алышыбыз керек", - деди ал.