Аида Салянованын иниси Улан Саляновдун өлүмү боюнча сот чечим чыгарды

Мурдагы башкы прокурор Аида Салянованын иниси Улан Саляновдун өлүмүнө айыпталып жаткан жарандарга сот бүгүн, 27-ноябрда чечим чыгарды.
Өкүмдү Биринчи Май райондук соту чыгарды. Анда айыпталуучу Эрмек Осмонкулов 18 жыл 2 айга ал эми Асанэмир Абыкулов 15 жылга эркинен ажыратылды.
Чыккан өкүмгө макул эместигин Аида Салянова социалдык тармактагы баракчасына түз эфирге чыгып айтууда.
"Бишкек шаардык сотуна биз кайра кайрылабыз. Соттолгон адамдар мындай буйрукту ким бергенин айтышкан жок. Алар негизи өмүр бою эркинен ажыратылса болмок. Бирок эми алар эртерээк абактан чыкканга аракет кылышат. Булар буйрукту берген адамды айтуу же ошол окуяга эч кандай кызыкчылыктары да жок. Булардын негизги максаты абактан тез чыгуу", - деди Салянова.
Улан Саляновду 2017-жылы 6-ноябрга караган түнү Бишкектин Көк-Жар жаңы конушундагы өз үйүнөн белгисиз адамдар атып кетип, ал ооруканага жетпей көз жумган.

Факты боюнча Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгы тарабынан кылмыш иши ачылып, кийин шектүү Асанэмир Абыкулов, Эрмек Осмонкулов жана Заур Насруллаев аттуу үч адам кармалган. Алардын бири Эрмек Осмонкулов Бишкектен, Абыкулов менен Насруллаев Орусиядан кармалган.





РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
zam81
2020-11-27 19:31:50
Озун канча адамдын шоруна калды элен
+3
Scorpion_09
2020-11-27 19:41:00
Аида Салянова , сен озун турмодо омур бою отурушун керек , сен ген прокурор болуп турганда ,жуздогон адамды бейкуноосуз камагансын
+2
ika8086
2020-11-28 08:58:00
Чечимди озун бийликте олтурган маалда озундун кызыкчылыгы учун,акча учун каанча адамды куураттын,адилетсиз чечим чыгарып жургонсун.Омур бою эркинен ажыратылган Батукаевди жон эле коё бергенсин.Сенин качырып ийген Батукаевин учун каанчалаган адамдар да куноолу болуп соттошуп журот.Ошондуктан ойлонушун керек Салянка.
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан