28-сентябрь күнү Коргоо министрлигинин спорттук клубунда Дене тарбиячылардын кесиптик майрамына карата кичи марафон өттү. Марафондо 5 чакырым аралыкка чуркоо, турникке тартынуу, 100 метр аралыкка чуркоо жана кичи футбол боюнча мелдештер болду. Мелдешке бардык каалоочулар катышты. Уюштуруучулардын айтымында, иш-чаранын негизги максаты - жаштарды сергек жашоого үндөө.